Бензин менен дизелдин баасын мамлекет көзөмөлгө алат

  • 4 месяца мурун

Министрлер кабинети күйүүчү майлардын баасын көзөмөлгө алат. Бул тууралуу жаңы токтом кабыл алынды.

Маалыматка ылайык, 25-майдан 30-сентябрга чейин мамлекет бензин, дизель жана суюлтулган газ импортун субсидиялайт.

Бийлик бул кадам күйүүчү май тартыштыгын алдын алып, баалардын кескин өсүшүнө жол бербөө үчүн жасалып жатканын билдирди. Ошондой эле импорттолгон күйүүчү майга туруктуу баалар бекитилип, базар баасы менен айырманы мамлекет төлөп берет.

Төмөнкүдөй туруктуу сатып алуу баалары белгиленди:  Аи-92 бензини — тоннасы $860;

 Аи-95 бензини — тоннасы $940;

 дизель отуну — тоннасы $950;

 суюлтулган газ — тоннасы $575. Токтом 25-майдан тартып күчүнө кирди.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты