Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы жоюлду

  • 3 года мурун

Өкмөт экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматын (Финансы полициясы) жоюу жөнүндө чечим кабыл алынганын 5-мартта билдирди.

Тийиштүү токтомго премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.

Өкмөт билдирүүсүндө финансы полициясы өзүн актабай калганы жөнүндө кыскача анализ камтылган. Андагы маалыматка караганда, Кыргызстанда көмүскө экономика 130 млрд. сом же ички дүң өнүмдүн 23.6% түзөт.

Эксперттер көмүскө экономика 24-43% экенин белгилешет. Өкмөт буга экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматынын натыйжа бербегени деп түшүндүргөн.

Ошондой эксперттер жана бизнес чөйрө аталган кызмат алардын ишмердүүлүгүнө мыйзамсыз кийлигишкенин айтып келгени жазылган. Финансы полициясы ички экономикалык кызыкчылыктарды коргобостон, жазалоочу кызматка айланып калгандыктан, аны жоюу тууралуу чечим кабыл алынганы белгиленген.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы 2012-жылы түзүлгөн. 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин бийлик алмашканда өкмөттүн түзүмү өзгөрүп, бул мекеме Экономика жана каржы министрлигине кошулган болчу.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты