​Бөрүбашев: Баш мыйзам долбоорунда элдик бийлик күчөтүлдү

  • 3 года мурун

Конституцияны өзгөртүү боюнча иштеп жаткан Конституциялык кеңешме бүгүн, 26-январда, кезектеги жыйын өткөрүп жатат.

Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев Баш мыйзамдагы негизги өзгөртүүлөрдү мындайча айтып өттү.

-Баш мыйзамда элдик бийликти колубуздан келишинче күчөттүк. Кантип күчөттүк? Бир-экөөнү айтып берейин. Биринчиси, биз түз шайлоону алып келип жатабыз. Аны өзүңөр окуйсуңар. Экинчиси, коомчулуктун өкүлү болгон элдик курултайдын ыйгарым укуктарын колубуздан келишинче кеңейттик. Андан башка Жогорку Кеңештин депутаттарын чакырып алууну киргиздик,- деди Бөрүбашев.

Бөрүбашев ошондой эле Конституция долбоорунда өкмөттү Президенттин администрациясынын башчысы жетектей турганын айтты.

Конституция долбоору 17-октябрда талкууга коюлары менен коомчулуктун сын -пикирине кабылды.

2020-жылы 20-ноябрда президенттин милдетин аткаруучунун жарлыгы менен 80ден ашуун окумуштуудан жана коомдук ишмерден турган Конституциялык кеңешме түзүлгөн. Ал кеңешмеге Конституциянын жаңы долбоорун талкуулоо жана парламентке сунуш киргизүү милдети жүктөлгөн.

10-январда Кыргызстанда башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өттү. Президенттик республиканы колдогондордун саны — 1 136 155 же добуш берүүгө катышкан референдумдун катышуучуларынын 81,49 пайызы болуп эсептелет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты