​БШК: Референдумдун жыйынтыгында президенттик республиканы 81,49 пайыз шайлоочулар тандады

  • 3 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиямы башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумдун жыйынтыгын чыгарды. Президенттик республиканы колдогондордун саны — 1 136 155 же добуш берүүгө катышкан референдумдун катышуучуларынын 81,49 пайызы болуп эсептелет.

Референдумдун катышуучуларынын тизмесине кирген жарандардын жалпы саны – 3 563 574. Добуш берүүгө катышкан референдумдун катышуучуларынын саны – 1 394 218 же референдумдун катышуучуларынын тизмесине кирген жарандардын жалпы санынан 39,12 пайызы;

Президенттик республиканы колдогон референдумдун катышуучуларынын саны — 1 136 155 же добуш берүүгө катышкан референдумдун катышуучуларынын 81,49 пайызы;

Парламенттик республиканы колдогон референдумдун катышуучуларынын саны – 152 081 же добуш берүүгө катышкан референдумдун катышуучуларынын санынан 10,91 пайызы;

“Бардык варианттарга каршы” вариантын колдогон жарандардын саны — 62 265 же добуш берүүгө катышкан референдумдун катышуучуларынын санынан 4,47 пайызы.

БШК 2021-жылдын 10-январындагы референдумда алынып чыгып жана кабыл алынган президенттик республика вариантын тааныды.

10-январда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана референдум өттү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты