​Самара Каримова музыкалык окуу жайдын директорлугунан баш тартты

Ырчы Самара Каримова Оштогу Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайдын директору кызматынан баш тартты.

Бул тууралуу социалдык тармактарга минтип жазды:

-Мындан эки жыл мурда мыйзамдуу дайындалган кызматымдан укугум одоно бузулуп, бошоп, шагым катуу сынган. Бул менин намысым, ден-соолугум жана жакындарым үчүн өтө катуу муш болгон. Ошол укугумду коргоп, канча убакыт соттошуп, дайындалган ишиме кайтып барып, эли-жериме, кыргыз маданиятына ак дилимден кызмат кылгым келген. Кудайга шүгүр, сотто жеңип чыгып, чындык мен тарапта экенин далилдедим. Кудай алдында, мыйзам алдында ак экенимди далилдедим.
Кызматыма кайрадан киришип, музыкалык окуу жайды аз убакта өнүктүрүп-өстүрүүгө ак ниеттен бел байладым эле. Бирок, окуу жайдын эмгек жамааты буга макул болбоду, -деди ал.

Мурунку директор улам пикирин улам өзгөртүп, 5-6 адамдын басымы менен, ал жактагы жагдай өзгөрүп тураарын айтты.

-Мурунку директордун 100 сүйлөгөнү, кубулганы 5-6 адамдын басымы менен коллективде «погода» өзгөрүп турат экен. Ойлонуп көрсөм, булар өнүгүүнү каалабайт экен. Ушул жашоосуна, күнү өтүп жатканына ыраазы экен. Эшикте XXI кылым экени ойлонтуп дагы койбойт.

Чалындым, бирок жыгылган жокмун!-деди.

Самара Каримова директорлук кызматка баруусу боюнча иште журналисттерди да айыптап кетти:

-Жумушумду баштап, элибизге мыкты жыйынтыкты көрсөтөм деп позициямда катуу турдум. Бирок, мунумду көпчүлүк түшүнө албады. Мурунку директордун жакындары тааныш журналисттерине тынбай чалып, чакырып, «келгиле, Самара дагы келди, интервью алгыла» деп жаткандарын өз көзүм менен көрүп турдум.

Анын үстүнө, Батыштын акчасын жеген журналисттер күнү-түнү ошол жатаканада жашап эле калышты. Окуяны бир тараптуу чагылдырып жатышты. Провокация кылып, тукуруп, алардын баёо сезимдерин пайдаланышты. Ошол эле журналисттерге канча жетишкендеримди, Кремлде,Ташкентте дүңгүрөтүп жеке концерт бергенимде, жалынып, суранып да ийгиликтеримди маалымат катары чыгара алган эмесмин. Буларга ызы-чуу гана керек. Ошондуктан окуу жайдын директорлугунан баш тартам.Бул тууралуу арызымды жазып, буюрса, министрликке жолдойм, -деди Самара Каримова.

Ырчы Самара Каримова Оштогу Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайына директор катары ишке киришкенин ЖМКга билдирген.

Самара Каримова 2018-жылы октябрь айында Ош шаарындагы Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайдын директору болуп дайындалганы маалымдалган.

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов 2018-жылы 1-ноябрда Самара Каримованы Оштогу Ниязалы атындагы мамлекеттик музыкалык окуу жайынын директору кызматына дайындаган буйрукту жокко чыгарган.

2018-жылы 24-октябрда Каримованы жетекчилик кызматка дайындоо боюнча министрдин милдетин аткарган статс-катчынын колу коюлган буйрук чыккан. Андагы жаңы дайындалган министр Азамат Жаманкулов Каримованы дайындоо боюнча буйрукка статс-катчы Бактыбек Секимов Ташкентте Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүп жүргөндө кол койгонун аныктаган жана бул буйрук мыйзамсыз болгон.

Жаманкулов буйрукту жокко чыгаруу менен ага кол койгон статс-катчыга сөгүш жарыялоо боюнча премьер-министрге сунуш жөнөткөнү да кабарландган жана статс-катчыга сөгүш берилген.

Каримова ага чейин “Сулайман тоо” музей-комплексине жетекчи дайындалып, бирок элдин сынынан соң андан баш тарткан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты