Самара Каримова музыкалык окуу жайдын жетекчиси болбой калды

Самара Каримова музыкалык окуу жайдын жетекчиси болбой калдыМаданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов 1-ноябрда ырчы Самара Каримованы Оштогу Ныязалы атындагы мамлекеттик музыкалык окуу жайынын директору кызматына дайындаган буйрукту жокко чыгарды.

Министрликтин басма сөз кызматынын билдиришинче, 24-октябрда Каримованы жетекчилик кызматка дайындоо боюнча министрдин милдетин аткарган статс-катчынын колу коюлган буйрук чыккан. Жаңы министр Азамат Жаманкулов акыркы эки күндө буга чейин кол коюлган документтерди карап жатып Каримованы дайындоо боюнча буйрукка статс-катчы Ташкентте Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүп жүргөндө кол койгонун аныктаган жана бул буйрук мыйзамсыз болгон.

Жаманкулов буйрукту жокко чыгаруу менен ага кол койгон статс-катчыга сөгүш жарыялоо боюнча премьер-министрге сунуш жөнөткөнү да кабарланды.

Азамат Жаманкулов министрлик кызматка быйыл 25-октябрында дайындалган.

27 жаштагы ырчы Самара Каримова буга чейин да «Сулайман-Тоо» музейинин директорлугуна дайындалып, бирок коомчулуктун сынынан кийин кызматтан баш тартууга аргасыз болгон.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты