Шайлоо жана референдум боюнча суроого 1255 номурунан тез арада жооп ала аласыз
- 4 года мурун
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын колл-борбору иштеп жатат.
Жарандар 1255 кыска номуруна чалып, кезексиз президенттик шайлоого жана Кыргыз Республикасынын референдумуна добуш берүүгө катышууга байланыштуу суроолорго жооп ала алышат.
КР БШКнын кызматкерлери жарандарга жооп беришет.
Колл-борбордо иштөө үчүн сырттан келген адистер, анын ичинде мүмкүнчүлүгү чектелгендер дагы тартылган.
Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Кыргыз Республикасынын бардык аймагында 2021-жылдын 10-январына, жекшемби күнгө, референдум дайындоо каралган.
Муну бөлүшүү