Садыр Жапаров “Мыйзамдуулук үчүн” жана “Референдумга каршы” жүрүшүнүн катышуучуларына жооп узатты

Бүгүн, 5-январда президенттикке талапкер Садыр Жапаров “Мыйзамдуулук үчүн!” жана “Референдумга каршы” жүрүшүнүн катышуучуларына «Instagram» баракчасы аркылуу мындай деп жооп кайтарды:

— Отуз жылдан бери, элдин ырыскысын каалаганындай мойсоп жүргөндөр, эл менен эсептешкенди таптакыр унутуп калгандыгын өздөрү эле далилдеп беришпедиби. Ага күбө, “Референдумга каршыбыз” деп митингтерди уюштуруп да жатышат .

Референдумга эмне үчүн каршы болуп жаткандарына, жада калса өздөрү жооп бере алышпайт. Жүйөлүү бир жооптору жок. Референдумда элдин пикири билинет да, президенттик башкаруу болсун же парламенттик башкаруу болсун деген. Элдин пикирин сурап билип алуунун эмнеси жаман? Биринчи кезекте бир ууч топтун эмес, калктын, жалпы элдин пикирин билип алып анан баш мыйзамды кабыл алалы да. Мындан ары эл менен эсептешкенди үйрөнөлү. Үйрөнгүлөрү келбей тескери сүйлөгөндөрдү, үйрөтөбүз. Көрсө, отуз жыл бою элдин ырыскысына кол салып, баш мыйзамды каалагандай калчап жүрүп, булар таптакыр көнүп бүтүшкөн турбайбы…

Эми, элдин эсебинен жеген токочуңардан айрылып жатканыңарга, ичиңер туз куйгандай ачышып, акыркы күчүңөрдү элди чабыштыруу максатында уюштурулган митингтерге жумшап жатасыңарбы? Элдин көзү эбак ачылган, эл да түшүнүп турат, көмүскө максатыңарды. Канчалык аракет кылбагыла, баардык аракеттериңерден эч бир майнап чыкпайт!

«Мыйзамдуулук үчүн” жана “Референдумга каршы” жүрүшүнүн уюштуруучуларынын бири Улан Үсөйүн Фейсбук баракчасы аркылуу Садыр Жапаровго мындай жооп берди:

— Садыр ава, мен 30 га чыга элекмин. Болгону ушул айда 27 ге чыгам. Мен үчүн 3 жыл ашыкча ким жегенин Ташиев байке менен табышып коесузбу? Сиз менен бирге 30 жыл өлкөнүн ырыскысын жегендерди мыйзам алдында жоопко тартабыз, -деп расмий жооп узатарын жазды.

Буга чейин «Мыйзамдуулук үчүн» жана «Референдумга каршы» жүрүшү байма-бай өтүп келген. Акциянын катышуучулар өлкөдө мыйзамдуулук болушун талап кылып келишти.

Каршылык акциясынын жүрүшү бул шилтемеде:

«Референдумга жол жок!»

«Мыйзамдуулук үчүн!» тынч акциясы.

“Референдумга жол жок!” аттуу жөө жүрүш

«Ханституцияга» жана референдумга каршы акция.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты