Бишкекте “Мыйзамдуулук үчүн!” тынч акциясы уюштурулду (Фоторепортаж)

Бүгүн, 13-декабрда, Бишкек шаарында ”Мыйзамдуулук үчүн!” тынч жүрүшү уюштурулду.

Каршылык акциясын “Баштан-башка” уюму жетинчи жолу өткөрүп жатат.

Катышуучулар Эркиндик бульварынын темир жол бекети тарабынан Борбордук аянтка чейин жөө жүрүш менен келишти.

Тынч акцияга жарандык активисттер, шаардыктар катышууда.

Катышуучулар өлкөдө мыйзамдуулукту талап кылып, “Мыйзамдуу мамлекет!” “Мыйзамдуулукка — жол жок!”, “Референдумда-жол жок!” деп кыйкырып келишти.


«КыргызРеспубликасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу» мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 10-декабрында кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзамда Кыргыз Республикасынын бардык аймагында 2021-жылдын 10-январына, жекшемби күнгө референдум дайындоо каралган.

Референдумга Кыргыз Республикасынын төмөндөгүдөй башкаруу формаларын тандоо маселеси чыгарылат:

— президенттик республика;

— парламенттик республика;

— бардык варианттарга каршы.

Сүрөттөр: “ПолитКлиника”/Алтынай Нурланова

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты