Каршылык акциясы: Мыйзамдуулук үчүн!
Жаңылыктар

“Мыйзамдуулук үчүн!” каршылык акцияс бүгүн, 3-январда да, болуп жатат
Карышылык акциясы ушуну менен тогузунчу ирет өтүшү. Акцияга чыккандардын негизги талабы - өлкөдө мыйзамдуулукту орнотуу болуп саналат.
«КыргызРеспубликасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу» мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 10-декабрында кабыл алынган.
Кабыл алынган мыйзамда Кыргыз Республикасынын бардык аймагында 2021-жылдын 10-январына, жекшемби күнгө референдум дайындоо каралган.
Референдумга Кыргыз Республикасынын төмөндөгүдөй башкаруу формаларын тандоо маселеси чыгарылат:
— президенттик республика;
— парламенттик республика;
— бардык варианттарга каршы.
Сүрөт: "ПолитКлиника" / Чолпонбек Сабырбек уулу