УКМК Матраимовдон алган батирлерди мамлекетке өткөрмөй болду

  • 3 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Райымбек Матраимовдон алынган батирлер мамлекетке өткөрүп бериле турганын билдирди.

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматта алынган батирлерди УКМК кызматкерлерине берүү маселеси каралбай турганы маалымдалды. Бардык мүлк белгиленген тартипте мамлекеттин менчигине өткөрүлөрү белгиленген.

Буга чейин маалымат жыйынында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында Райымбек Матраимов мамлекетке 2 млрд сомду кайтарып бергенин, анын 1,4 млрд сомун акчалай жана 600 млн сомун мүлк түрүндө, 9 квартира жана соода борборун кайтарганын, ал эми андагы 8 квартираны УКМК кызматкерлерине берүү пландалып жатканын айткан. Бул коомчлуктун сын-пикирине кабылып, алынган квартираны УКМКга калтырууга каршы экендиктерин социалдык тармактарда жазып чыгышты.

Бажы органдарындагы коррупцияга байланыштуу сотко чейинки териштирүүнүн алкагында Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов 20-октябрда кармалган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Матраимов тергөө менен кызматташууга макул болгонун, 2016-жылдан бери коррупциялык схема аркылуу тапкан 2 млрд. сомду мамлекетке төлөп берүүгө макул болгонун билдирген. Ал ошол эле күнү УКМКнын депозиттик эсебине 80 млн. сом төккөн.

«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөр жарыяланган. Иликтөөдө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси болушу ыктымал экени айтылган.

Андан кийин OCCRP, Kloop, Bellingcat жана “Азаттык” радиосунун биргелешкен бир нече иликтөөсү.жарык көрүп, анда Матраимовдун байлыгынын, кылмыштуу топ менен байланышынын бети ачылган.

АКШ каржы министрлиги Райымбек Матраимовго Магнитский Глобалдык мыйзамынын негизинде санкциялар киргизерин жарыялаган.

АКШнын Мамлекеттик департаменти Кыргызстандын Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго кошуп, анын жубайы Уулкан Тургунованы да «Магнитскийдин тизмесине» киргизди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты