Референдумда «макул» жана «каршы» добуш берүү боюнча үгүт топтору түзүлдү

  • 4 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясына референдумда башкаруу системасын аныктоо боюча “макул” жана “каршы” добуш” берүүгө үгүтттөөгө 9 билдирүү түштү.

Алардын ичинен:

Президенттик республикага- “макул” — 4 үгүт тобу;

Президенттик республикага “каршы” — 1 үгүт тобу;

Парламенттик республикга “макул” — 2 үгүт тобу;

Бардык варианттарга каршы — 2 үгүт тобу.

Парламенттик республикага “макул” тобунун бирин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, экинчисин Темирлан Султанбеков жетектейт.

“Бардык варианттарга каршы” үгүт тобунун бирин Рита Карасартова, экинчисин Шабдан уулу Чынарбек жетектейт.

Президенттик республикага “каршы” тобун Бактыбек Калмаматов жетектейт.

Президенттик республикага “макул” тобунун бирин —Нуруйпа Муканова, кийинкилерин Марс Токтоназаров, Тилек Саликеев, Бектурова Бибинур жетектейт.

Кыргыз Республикасынын бардык аймагында 2021-жылдын 10-январына, жекшемби күнгө референдум дайындоо каралган.

Референдумга Кыргыз Республикасынын төмөндөгүдөй башкаруу формаларын тандоо маселеси чыгарылат:

— президенттик республика;

— парламенттик республика;

— бардык варианттарга каршы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты