Башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумду дайындоо тууралуу мыйзамга кол коюлду

  • 3 года мурун

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов «Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу» мыйзамга кол койду.

Аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 10-декабрында кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзамда Кыргыз Республикасынын бардык аймагында 2021-жылдын 10-январына, жекшемби күнгө референдум дайындоо каралган.

Референдумга Кыргыз Республикасынын төмөндөгүдөй башкаруу формаларын тандоо маселеси чыгарылат:

— президенттик республика;

— парламенттик республика;

— бардык варианттарга каршы.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты