АКШ Матраимовдун жубайы Уулкан Тургунованы да «кара тизмеге» киргизди

  • 3 года мурун

АКШнын Мамлекеттик департаменти Кыргызстандын Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго кошуп, анын жубайы Уулкан Тургунованы да «Магнитскийдин тизмесине» киргизди.

Бул тууралуу Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 10-декабрда «Твиттердеги» баракчасына жазды.

«Бүгүн мен мурдагы кыргыз аткаминери Райымбек Матраимов менен анын жубайын коррупциялык тандем түзгөнү үчүн «Магнитский тизмесине» киргиздим. АКШ коррупцияга каршы турат жана дүйнө жүзүндө адам укуктарынын бузулушун токтотуу үчүн жоопкерчиликти күчөтөт» — деп жазды мамлекеттик катчы.

9-декабрда АКШнын Финансы министрлиги Райымбек Матраимовго санкция киргизген.

49 жаштагы Матраимов 1997-2017-жылдары Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматында иштеген. Ал 2015-2017-жылдары мекеменин төрагасынын орун басары болгон.

«Азаттык» радиосу өнөктөштөрү менен бирге Матраимовдун бажыдагы ири коррупциялык иштерге тиешеси бар экенин ачыкка чыгарган бир канча журналисттик иликтөөлөрүн жарыялаган.

Матраимов жана анын жакындары анын куру доомат экенин айтып келатышат.

20-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Матраимовду кармап, ал өзү жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, мамлекетке өзгөчө чоң өлчөмдө зыян келтирген бул схема азыркыга чейин уланып келатканын билдирген.

Ошол эле күнү сот Матраимовду эки миллиард сом мамлекетке төлөп берүүгө милдеттендирип, тергөө менен кызматташканы үчүн эч жакка кетпөө жөнүндө тилкаттын негизинде үй камагына чыгарган.

8-декабрда Кыргызстандын Финансы министрлиги маалымдагандай, Матраимов мамлекетке жалпысынан 773 миллион сом төктү.

«Магнитский актына» киргендердин АКШда жайгашкан же америкалык жарандардын көзөмөлүндө же ээлигиндеги бардык мүлк менен каржылык активдери камакка коюлат, алар тууралуу маалымат Чет элдик активдерди көзөмөлдөө мекемесине берилет. Буга кошумча камакка алынган мүлккө түз же кыйыр, 50% же андан ашык пайыз менен ээлик кылган башка юридикалык жактардын үлүшү да камакка коюлат. Ал Чет элдик активдерди көзөмөлдөө мекемесинин мыйзамдык актылары америкалык жарандардын санкцияга киргендер менен кандайдыр бир мүлктүк же мүлккө байланышкан амалдарга катышуусуна тыюу салат. Ошондой эле санкцияга учураган адамдын кызматын көрүүгө, же ага кызмат көрсөтүүгө, аны каражат же товар менен камсыз кылууга, ошондой эле андан салым, каражат же товар алууга тыюу салынат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты