Райымбек Матраимов 2 млрд сом мамлекетке төлөп бермей болду. 80 млн сому түштү

  • 3 года мурун

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов коррупциялык иш-аракеттен улам келтирилген чыгымды төлөп берүүгө даяр.

Бул тууралуу улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Тергөө иштери анын кылмыштуу иш-аракетинен мамлекетке 2 млрд сом чыгым келтирилгендиги аныкталган.

Райымбек Матраимов коррупциялык иш-аракетинин натыйжасында мамлекетке келтирилген чыгымды- 2 млрд сомду төлөп берүүгө даяр экенин билдирди. Анын 80 млн сому УКМК эсебине түшкөндүгү маалымдалды.

«Азаттык» радиосу, OCCRP жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн иликтөөлөрдө Кыргызстандан бир нече жылда жүз миллиондогон доллар чыгарылып кеткени ашкереленген.

Анда көпчүлүккө белгисиз Абдукадыр аттуу чет өлкөлүк үй-бүлөнүн карго компаниясы кыргыз бажысындагы көмүскө схемалар аркылуу ири суммада акчаны адалдаштырып, миллиондогон доллар тапканы көрсөтүлгөн. Иликтөө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин, Абдукадырдын үй-бүлөсү менен Матраимовдор өнөктөш экенин аныктаган. Матраимовдун жубайы Дубайда жалпы баасы 12 млн. доллардан кем эмес үч мүлккө ээлик кылары, бирок ал декларациясында көрсөтүлбөгөнү айтылган. Райымбек Матраимов иликтөөдө айтылгандар менен макул эмес экенин билдирген.

Коррупция фактысы боюнча мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кармалып, УКМКга жеткирилген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты