​УКМК: Райымбек Матраимов кармалды

  • 3 года мурун

Коррупция фактысы боюнча Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кармалып, УКМКга жеткирилди.

Ал 2020-жылдын 20-октябрында республиканын бажы органдарындагы коррупция фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалган.

Бирок, “Мекеним Кыргызстан” партиясынан талапкер Эльнура Алканова, Райымбек Матраимов суракка өзү келгендигин, “аны кармап келди” деген маалымат калп экендигин билдирди.

Учурда Бажы кызматынын ишмердүүлүгү, мамлекеттик бюджетке келтирилген зыянды текшерүү, оперативдик иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты