​Саясатчылар тобу: Садыр Жапаров президенттикке талапкер болуп каттала албайт

  • 4 года мурун

Саясатчылар Адахан Мадумаров, Канат Исаев, Ишенбай Кадырбеков, Мамбетжунус Абылов жана Бектур Асанов БШКга кайрылып, Садыр Жапаровдун президенттикке талапкер катары катталышы мыйзамсыз экенин билдиришти.

Бул тууралуу алар 24 kg агенттигиндеги басма сөз жыйынында айтып чыгышты.

Алардын айтымында, Садыр Жапаров расмий отставкага кеткен жок, ыйгарым укуктарын гана убактылуу токтотуп койду. Мыйзам боюнча Президенттин милдетин аткаруучу президенттикке талапкер боло албайт.

БШКга бул маселе боюнча кайрылган аты аталган саясатчылар бардыгына бирдей шарт, талап коюлушу керек экендигин эскертишти.

2017-жылы алты жылдык мөөнөткө президенттикке шайланган Сооронбай Жээнбеков бийликти быйыл парламенттик шайлоодон соң башталган башаламандыктан кийин өткөрүп берген. Өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

Сүрөт: 24 kg.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты