Сапар Исаковдун тарых музейи боюнча иши кайра кароого жиберилди

  • 3 года мурун

Жогорку сот мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун тарых музейин реконструкциялоо боюнча Бишкек шаардык жана Биринчи май райондук сотунда каралган чечимин жокко чыгарып, кайра кароого райондук сотко жиберди.

Бул тууралуу Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов билдирди.

Бирок райондук сотто иш качан каралары белгисиз. Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго мамлекеттер аралык издөө жарыяланган.

Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар 5-октябрда Бишкекте митингге чыгып, анын аягы башаламандыкка айланган. 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик аппараттын имаратын, УКМКны ээлеп, камактагы бир топ саясатчыларды, Алмазбек Атамбаевди, ошондой эле Сапар Исаковду бошоткон.

Жаза аткаруу кызматы буга чейин Исаковдун өргүүсү 12-октябрда аяктаганын, бирок түзөтүү абагына кайтып келбегенин кабарлаган. Бул факт кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Жазадан качуу» беренеси менен катталган.

Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту 2019-жылдын 6-декабрында Бишкек ЖЭБ модернизациясы боюнча Сапар Исаковду 15 жылга эркинен ажыраткан.

2020-жылы июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду тарых музейин оңдоп-түзөө жана Чолпон-Атадагы ат майданы боюнча айыпталган иште 18 жылга эркинен ажыратуу боюнча өкүмдү угузган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты