Кыргызстанга келген кызылсуулук этникалык кыргыз кыздар тарых музейине барышты
- 3 недели мурун
Бүгүн Кытайдан атчан сапар тартып келген этникалык кыргыз кыздар — Риза Дүйшөн кызы жана Гүлсанат Али кызы Улуттук тарых музейине барышты.
Меймандарды мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, ошондой эле маданият тармагынын өкүлдөрү тосуп алышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз элинин тарыхый байланышы, улуттук баалуулуктары жана маданий биримдиги тууралуу сөз болуп, кыздардын атчан сапары кыргыз элинин руханий мурасын даңазалаган өзгөчө символикалык демилге экени белгиленди.
Маалыматка ылайык, Риза Дүйшөн кызы менен Гүлсанат Али кызы Кытайдын Кызыл-Суу кыргыз автоном облусунан атчан аттанышкан. Алар Нарын жана Ысык-Көл облустары аркылуу өтүп, Чүй облусу аркылуу Бишкек шаарына келишти.
Бул сапар тарыхый тамырларды бекемдөө, улуттук маданиятты даңазалоо жана дүйнө жүзүндөгү кыргыздардын руханий байланышын чыңдоо максатын көздөйт.
Сүрөт: Маданият министрлиги




