Маданият министрлиги Тарых музейинин 4-5-кабаты кытай тарапка берилбегенин билдирди  

Социалдык тармактарда Улуттук тарых музейинин 4–5-кабаттары башка тарапка, тактап айтканда Кытай тарапка өткөрүлүп берилгени тууралуу тараган маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.  

“Улуттук тарых музейинин эч бир бөлүгү чет өлкөлүк мекемелерге менчикке, ижарага же туруктуу пайдаланууга берилген эмес. Сөз 2026-жылдын 18-августунан 15-ноябрына чейин өтө турган «Гармония сулуулукту жаратат: Байыркы Кытай цивилизациясынын көркөм өнөр көргөзмөсү» аттуу убактылуу эл аралык көргөзмө жөнүндө болууда. Аталган долбоор Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейи менен Тяньцзинь музейинин жана Ички Монголия автономиялуу районунун музейлеринин ортосунда түзүлгөн кызматташтык жөнүндө меморандумдардын алкагында, ошондой эле Кыргызстанда өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине утурлай уюштурулууда”  деп билдирди министрлик.

Маалыматта көргөзмө музейдин туруктуу экспозициялык залдарында эмес, эл аралык жана убактылуу көргөзмөлөрдү өткөрүү үчүн каралган бош көргөзмө аянтчаларында уюштурулары айтылат.

Министрлик музейдин туруктуу экспозициялары өз ишин кадимки тартипте улантып, алардын ишмердүүлүгүнө эч кандай тоскоолдук жаралбай турганын белгиледи.

Көргөзмө тараптардын өз ара түзүлгөн кызматташтык жөнүндө меморандумдарынын негизинде биргелешип ишке ашырылып жаткан эл аралык маданий долбоор болуп саналат.

Маалыматта белгиленгендей, 2025-жылы Пекин шаарындагы Кытайдын Улуттук музейинде Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин көчмө көргөзмөсү ийгиликтүү уюштурулуп, кыргыз элинин тарыхын жана маданий мурасын чагылдырган уникалдуу экспонаттар көрсөтүлгөн.

Министрлик Улуттук тарых музейинде ушул жылы эле АКШнын «Негиздөөчүлөр музейи» көчмө көргөзмөсү, Швейцариянын «Биз — суу» фотокөргөзмөсү, кыргыз-түрк эбру өнөрүнүн «Кыргызстан: 7 дубан — 7 гүл» көргөзмөсү, Венгриянын Кыргызстандагы элчилиги менен биргеликте уюштурулган «Дьюла Принц: венгр географынын Тянь-Шань боюнча саякаттары» көргөзмөсү уюштурулганын белгиледи..

Мындан мурда да музейде Казакстандын Борбордук мамлекеттик музейинин «Кылымдардын изи менен» көргөзмөсү (2025-жылдын 30-октябрынан 13-ноябрына чейин), ошондой эле Россия Федерациясынын Лев Толстой мамлекеттик музейи менен биргелешкен көргөзмө (2025-жылдын 8-октябрынан 2026-жылдын 8-февралына чейин) өткөрүлгөн.

Өз кезегинде Тяньцзинь музейи дагы өзүнүн убактылуу көргөзмөлөрүн дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө үзгүлтүксүз уюштуруп келет. Алар АКШда (15.10.2023–14.01.2024), Беларус өлкөсүндө (25.06.2024), Испанияда (20.09.2024-жылы), Латвияда (30.05–24.08.2025) жана Казакстанда (30.09.2024–12.02.2025) ийгиликтүү өткөрүлгөн.

“Бишкек шаарында өтө турган бул убактылуу эл аралык көргөзмө дүйнөлүк музей кызматташтыгынын алкагындагы кезектеги маданий долбоор болуп саналат. Ал Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин макамын, укуктук статусун же таандыктыгын өзгөртпөйт жана музейдин имаратынын кандайдыр бир бөлүгүн башка тарапка өткөрүп берүү дегенди билдирбейт” деп билдирди министрлик.

Буга чейин социалдык тармактарда  Улуттук тарых музейинин 4–5-кабаттары башка тарапка, тактап айтканда Кытай тарапка өткөрүлүп берилгени тууралуу тараган маалыматтар тараган.  

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты