Бектур Асанов Президенттикке 5-талапкер болуп БШКга арыз берди

  • 3 года мурун

Жогорку Кеңештин экс-депутаты, оппозициячыл саясатчы Бектур Асанов Президенттикке 5-талапкер болуп Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берди.

Буга чейин Жогорку Кеңештин экс-спикери Адахан Мадумаров, Арстанбек Абдылдаев, “Лига-антикризис” бирикмесинин төрагасы Назарбек Нышанов, экономист Кубан Чороев президентикке талапкер катары катталган.

БШКнын 24-октябрдагы жыйынында Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

Кыргызстанда 4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына нааразылык акциялары жапырт башаламандык менен коштолуп, анын акыры бийлик алмашуу менен аяктады.

2017-жылы алты жылга шайланган Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматын мөөнөтүнөн мурда, 15-октябрда тапшырып берди. Мамлекет башчынын милдетин азыр 6-октябрдагы тополоң учурунда тарапкерлери түрмөдөн бошотуп, парламент жана мурдагы президент премьер-министр кызматына бекиткен Садыр Жапаров аткарууда.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты