​Жоошев: Атамбаевди колониядан сотко алып келе алышпайт. Аны үй камагына чыгаруу керек

  • 3 года мурун

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 27-октябрда №47 абакка жиберилди. Мындай чечим Жаза аткаруу мамлекеттик кызматындагы атайын комиссияын отурумунда кабыл алынганын мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошоп кеткенине байланыштуу соттолгон Атамбаев буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында кармалып келген. Ал Азиз Батукаев, Бишкек Жылуулук электр борбору жана Кой-Таш боюнча сот отурумдарынын ачык мүнөздө өтүшүн талап кылууда.

Алмазбек Атамбаев былтыр август айында кармалгандан бери УКМКнын тергөө абагында болуп келсе, Бишкектин №1 тергөө абагына которулган. Соттолгондор адатта аталган №1 тергөө абагынан башка колонияларга бөлүштүрүлөт.

Адвокат Замир Жоошев Атамбаевдин ден соолугу жайында эмес экенин билдирди:

«УКМК Алмазбек Атамбаевди абактан бошотуп, үй камагына которуу боюнча соттун чечимин аткарбай койду. Биз анын ден соолугу начарлап кеткенин, медициналык жардамга муктаж экенин эске алып, Атамбаевди №47 колонияга которуп берүү жөнүндө өтүнүч киргизгенге аргасыз болгонбуз. Анткени ушул жылдын 2-сентябрда «Алмазбек Атамбаевди УКМКнын тергөө абагынан №1 тергөө абагына которобуз» деп айтышкан. Бирок ошол эле күнү сот отуруму болуп, анда прокурорлор Атамбаевди которбой турууну суранышкан. Сот бул өтүнүчтү канааттандырган. 6-октябрь күнү сот Атамбаевди үй камагына чыгаруу боюнча токтом чыгарган. Бирок УКМК «бизде Батукаеевдин иши боюнча соттун өкүмү бар, ошону аткарышыбыз керек» деген шылтоону тапкан. Бирок Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып жаткан башка адамдар үй камагына чыгып кетишти. Сооронбай Жээнбековдун бийлигинин тушунда Алмазбек Атамбаев сотко катышуудан баш тарткан. Эми ал «сотторго катышам» деп жатат. Мыйзам буга жол берет. Бирок аны №47 колониядан соттук отурумдарга алып келе алышпайт. Ошондуктан соттук териштирүү бүтмөйүнчө аны үй камагына чыгарыш керек».

Буга чейин Жоошев Алмазбек Атамбаевди УКМКнын тергөө абагынан Бишкектеги № 1 тергөө абагына которуп, мурда өлүм жазасына кесилген кылмышкерлер кармалуучу жертөлөдөгү камерага отургузушканын, Атамбаев ачкачылык кармаганын билдирген.

ЖАМКтын басма сөз катчысы Самат Калыков мурдагы президенттин камерада кармалуу шарттары тууралуу буларды билдирген:

«Атамбаев жалпы режимдеги камерага бөлүштүрүлдү. Анын ачкачылык жарыялоо боюнча маалыматы мекеменин жетекчилигине түшкөн эмес. Ал эми адвокат Замир Жоошевдин Атамбаев тууралуу билдирүүсү чындыкка жатпайт. Камералардын эшиктери жабык жана көзөмөлдө турат. Суу, канализация, жылуулук маселелери чечилген».

Быйыл 23-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Каипов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди «Батукаевдин иши» боюнча өзүн жана жакындарын мүлкүнөн ажыратуу менен 11 жыл, эки айга эркинен ажыраткан. Августта Бишкек шаардык соту бул өкүмдү күчүндө калтырган.

Атамбаев 2019-жылы 7-8-августундагы Чүйдүн Кой-Таш айылындагы окуя боюнча да айыпталууда. Мында бир офицер каза болуп, ондогон киши жаракат алган. Атамбаев өзү да ушул окуядан кийин кармалган. Бул боюнча сот уланып жатат.

Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар 5-октябрда Бишкекте митингге чыгып, анын аягы башаламандыкка айланган. 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик аппараттын имаратын, УКМКны ээлеп, камактагы бир топ саясатчыларды, аны ичинде Алмазбек Атамбаевди бошоткон.

Окуялардын натыйжасында Борбордук шайлоо комиссиясы акыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жараксыз деп тапкан.

10-октябрда улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Алмазбек Атамбаевди кармаган. Маалыматка ылайык, Алмазбек Атамбаевди жана анын жансакчылары Канат Сагынбаевди, Дамира Мусакеевди кармаган. Алмазбек Атамбаев «массалык чагымчылдыкты уюштуруу» боюнча айыпталганы айтылды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты