Соттолгон мурдагы бажычы Ражабалиев депутаттыкка талапкер болуп катталды
- 3 года мурун
Борбордук шайлоо комиссиясы мурдагы бажы кызматкери Нурлан Ражабалиевди №2 бир мандаттуу Баткен округунан талапкер кылып каттады.
Бул тууралуу Боршайкомдун басма сөз кызматы билдирди.
Ички иштер министрлиги Ражабалиевдин соттуулугу жоюлганын билдирген.
Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 27-январдагы чечими менен Бажы кызматанын төрагасынын мурдагы орун басары, Түштүк-Батыш бажысынын мурдагы башчысы Нурлан Ражабалиев «Коррупция» беренеси менен күнөөлүү деп табылып, ага 260 миң сом айып салынган.
Ал тергөө менен кызматташып Бажыда коррупциялык схема түзгөнү үчүн мамлекетке 12 млн. сом төгүп берген.
Ражабалиев бул иштерди мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен чогуу кылганын тергөө аныктаган.
Бишкектин Биринчи май райондук соту 11-февралда Райымбек Матраимовду «Коррупция» беренеси менен күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген. Ал Бажыда коррупциялык схема түзгөнүн моюнуна алып бюджетке 2 млрд. сом төккөн.
2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленген.
Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.
Сүрөттө: Нурлан Ражабалиев. Интернет булактарынан.