10-октябрдагы Жогорку Кеңеш жыйынына канча депутат катышкан? (Тизме)

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы 10-октябрда «Ала-Арча» резиденциясына Жогорку Кеңеш жыйынына келген депутаттардын тизмесин жарыялады.

Тизмеде 54 депутат жыйынга келгени жазылган. Анын арасында Аида Касымалиева да бар. Аида Касымалиева жыйынжан кетип калганын жана кворумга анын аты-жүнөн кошпоо керектигин билдирген.

Ишенимкат бергендер:

1. Алиярбек Абжалиев (депутат Талант Мамытовго).

2. Салайдин Айдаров (депутат Дастан Жумабековго).

3. Кубанычбек Жумалиев (депутат Улукбек Ормоновго).

4. Ильхом Маннанов (депутат Жылдыз Мусабековога).

5. Искендер Матраимов (депутат Жылдыз Мусабековага).

5. Иса Өмүркулов (депутат Сайдулла Нышановго).

6. Абдыкапар Султанов (депутат Бакыт Төрөбаевге).

7. Улан Примов (депутат Аида Касымалиевага).

8. Азиз Турсунбаев (депутат Алмазбек Токторовго).

9. Максат Эгембердиев (депутат Өмүрбек Бакировго ).

Мурдагы премьер-министр Феликс Кулов бул маселеге көңүл буруп, парламенттин кезексиз жыйыны мыйзамсыз өткөнүн жазды.

«Жыйынга 51 депутат катышып, 10 депутаттын ишеним каты бар экени жарыяланды. Бирок бул ишеним каттар залда 61 депутат катышкан учурда гана күчкө ээ болот. Эгер мынча сандагы депутат катышпаса, депутаттар кабыл алган чечимдер мыйзамсыз саналат жана аткарылбашы керек. Мындан улам Садыр Жапаров шайланган премьер-министр болуп саналбайт».

Көп өтпөй Аида Касымалиева дагы бир талаштуу жагдайды ачыкка чыгарды. Анын жазышынча, 10-октябрдагы кезексиз жыйын легитимсиз жана анын жүрүшүндө кабыл алынган токтомго кол койгон адам «бийликти күч менен басып алуу» деген берене боюнча жооп берет.

Өлкө Конституциясынын 84-беренесине ылайык, Президент үч күндүк мөөнөттө премьер-министрди жана өкмөттүн башка мүчөлөрүн дайындоо тууралуу жарлык чыгарышы керек. Эгерде Президент жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттө жарлык чыгарбаса, өкмөт дайындалды деп эсептелет.

Ал ортодо Садыр Жапаров кызматына киришкени жарыяланды.

10-октябрда «Ала-Арча» резиденциясында Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны болуп, анда Садыр Жапаровду премьер-минисрликке шайлашкан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты