​Митингде Президентке импичмент жарыялоо боюнча талап коюлду

Бишкектеги Ала-Тоо аянтында өтүп жаткан митингге «Ата Мекен», «Республика» партияларынын тарапкерлери келип кошулду.Митингке чыккандар шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгартууга жаштардын салымы чоң экендигин белгилеп, учурда бийликке дайындалып жаткандарды тааныбай тургандыгын билдиришүүдө.

Депутат Жанарбек Акаев да сөз сүйлөп, парламенттин 6-октябрдагы өткөргөн кезексиз жыйынын легитимсиз деп баалады:

«Биз митингдин аягына чейин турабыз. Бүгүнкү бийлик бөлүшүп аткандар — кайра эле «Мекеним Кыргызстан» менен «Биримдик» партиясынын депутаттары, ал жерде регламент талап кылган 90 депутат эмес, 30дан ашпаган депутаттар отурду. Айрым депутаттарды криминал коркутуп алып барды. Кээ бири министрликтерди талашып кабинеттеринде согушуп атышат. 6-чакырылыштын депутаттарын чогултуп жаңы, күчтүүлидерлерди алып келели».

«Республика» партиясынын лидери Мирлан Жээнчороев сөз сүйлөп, президент Сооронбай Жээнбековго импичмент жарыялоону сунуш кылды:

«Сокени кетириш керек. Райымды камаш керек. Бизди кошуналар, чет өлкөлөр таанышы үчүн биз мыйзамдашуубуз керек. Ошол себептен Жогорку Кеңештин депутаттары жумушка чыгышсын! Чыкпаса ар бирин үйүнөн алып чыгабыз».

Ошону менен катар эле митингке чыккандар Президентке импичмент жарыялоону талап кылышууда.

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы чыккан саясий партиялардын тарапкерлери 5-октябрда мөөнөтсүз митингге чогулуп, 6-октябрга караган түнү Президенттин аппараты жана Жогорку Кеңеш жайгашкан имаратты, УКМКны басып алып, камактагы саясатчыларды бошоткон. 6-октябрда саясий партиялардын Координациялык кеңеши түзүлгөн.

Сүрөт: «ПолитКлиника» медиа.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты