Мыктыбек Абдылдаев Жогорку Кеңеш төрагасы болуп шайланды

  • 4 года мурун

“Достук” мейманканасына чогулган депутаттар тобу Мыктыбек Абдылдаевди Жогорку Кеңештин төрагасы кылып шайлашты.

Депутаттардын кезексиз жыйынына 62 депутат катышып, жаңы спикердин талапкерлигине добуш беришкен. 7 депутат каршы добуш берди. Жыйынга “Мекенчил” партиясынын өкүлдөрү Камчыбек Ташиев, Жылдызкан Жолдошева жана Садыр Жапаров да катышкан.

Социалдык тармакта, Алмаз Темирбек «кворум болуп, 64 депутат катышты деген менен спикерди депутаттардын 3/2си (80 депутат) шайлаш керек болчу. Бирок калган добуш ишеним кат менен берилгени гана сөз болду. Легитимдүү жагы күмөндүү. «Мекенчил» партиясы Сооронбай Жээнбеков менен тымызын сүйлөшүп ушундай жолду тандашканы айтылууда. Буга ФБда «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан» партияларынын шайлоодо пиарлаган троллдору Садыр Жапаровду сүрөөнгө алган постторду байма-бай жазып жатышканы дагы далил» деп жазды.

Ошондой эле «Достук» мейманканасында чогулган депутаттар Садыр Жапаровдун премьер-министрликке талапкерлигин да колдошту.

Парламент спикери Дастанбек Жумабеков отставкага кетүүгө арызын бергени белгиленди.

Бүгүн Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаттары эки топ болуп, эки башка жыйын курушкан. Жогоруда аталган чечим биринчи топтогу депутаттардын чечими. Ал эми экинчи топ эртең парламент жыйынын чакырышмак болушкан.

4-октябрда Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо болгон. Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондордун митинги өткөн. Митингчилер Ак үйдү басып алышкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты