Колго саналган шайлоо бюллетендеринин болжолдуу жыйынтыгы боюнча үч гана партия 7%дык чектен өткөн

Бүгүн, 5-октябрь күнү Борбордук шайлоо комиссиясынын берген маалыматы боюнча шайлоо бюллетендеринин 63% пайызы колго саналып бүттү.

Автоматтык эсептөө менен колго саналган бюллетендерде айырмачылык бар. Анда алдыңкы партиялардын тизмеси өзгөрүп,“Мекеним Кыргызстан” партиясы 24,16% пайыз менен биринчи орунда.

Добуштарды колго эсептөөнүн алдын ала жыйынтыктары боюнча «Мекеним Кыргызстан» 24,16, «Биримдик» 24,53, «Кыргызстан» 9,22 партиялары алдынкы үч орунда. Ал эми калган партиялар 7% пайыздык чектен өтпөй калышкан.

Бул саат 14:40 алынган алдын ала гана жыйынтыктар.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты