Координациялык кеңеш билдирүү кабыл алды
- 4 года мурун
Жаңы түзүлгөн координациялык кеңеш билдирүү кабыл алды.
Билдирүүдө мындай чечим кабыл алынды:
- 6-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин жыйынын чакыруу:
- Жогорку Кеңештин төрагасын шайлоо:
- Элдик ишенимдеги коалициялык өкмөт түзүү үчүн өкмөттүн отставкасын кабыл алуу.
Өлкөдө укуктук талаага кайтып келиш үчүн координациялык кеңеш түзүлдү. Анын курамына «Социал-демократтар», «Республика», «Ата-Мекен», «Бүтүн Кыргызстан», «Бир бол», «Замандаш», «Ордо», «Реформа» , Ыйман нуру», «Афган согушунун ардагерлери» партиялары кирди.
Координациялык кеңештин төрагалыгына Адахан Мадумаров шаййланды.
Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон митингчилер 6-октябрда Ак үйдү басып алышкан.
Муну бөлүшүү