Бир суткада 47 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды
- 4 года мурун
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 47 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.
Анын ичинен:
• Бишкек шаары – 9;
• Чүй облусунда – 15;
• Ош шаары – 6;
• Ош облусунда – 10;
• Баткен облусунда – 4;
• Ысык-Көл облусунда – 3.
Ал эми бир суткада 11 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 2428 учур катталды, алардын ичинен 624 медкызматкер стационардан айыгып чыккан.
21-июлга карата республикада бир суткада COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын 1108 учуру катталды.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү