COVID-19: Бир суткада 1108 учуру катталды. 42 бейтап каза тапты,1667 сакайды

  • 4 года мурун

21-июлга карата республикада бир суткада COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын 1108 учуру катталды.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек — 323;
Ош – 124;

Чүй облусу – 122;
Ош облусу — 93;
Талас облусу — 70;
Нарын облусу – 54;
Ысык-Көл облусу – 154;
Жалал-Абад облусу – 107;
Баткен облусу — 61.

COVID-19 инфекциясына чалдыккандардын жалпы саны 28 251ге жетти.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Бир сутка ичинде 1667 киши сакайып, ооруканадан чыкты. Сакайып чыккандардын жалпы саны — 14 776га жетти.

Бир сутка ичинде 42 бейтап каза тапты (пневмонияны эсепке алганда).

COVID -19 инфекциясынан каза болгондордун жалпы саны 1079га жетти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты