​Кыргыз-түрк ооруканасы коронавируска чалдыккандарды кабыл ала баштады

  • 4 года мурун

Кыргыз-түрк ооруканасы коронавируска чалдыккандарды кабыл ала баштады.

Бул тууралуу маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Ал ооруканада COVID-19га чалдыккан орто оордуктагы бейтаптарды кабыл ала башташты. Стационар 72 орунга эсептелген.

Министрдин орун басарынын айтымында, республикалык клиникалык оорукана бейтаптарды кабыл албай калганына 4 күн болду.

Ал жакта медицина кызматкерлери коронавируска кабылып, ишти убактылуу токтотуу чечими кабыл алынган. Бейтаптардын баары айыгып чыгарылгандан кийин, залалсыздандыруу иш-аракеттери жүрөт жана андан кийин иш жандандырылат.

Кыргызстанда 6-июнга карата бир суткада COVID-19 вирусуна чалдыккан 38 учур катталып, жалпы саны 1974кө жетти.

6-июндагы маалымат боюнча өлкөдө бир сутка ичинде 11 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында –389 учур катталды, алардын ичинен 273 медкызматкер стационардан айыгып чыккан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты