COVID-19: 38 учуру катталды. Бардыгы 1974кө жетти

  • 4 года мурун

Кыргызстанда 6-июнга карата бир суткада COVID-19 вирусуна чалдыккан 38 учур катталды.

Анын ичинен:

Бишкек шаарында – 9;
Чүй облусу
10;
Нарын облусу – 3;

Ош шаарында – 11;

Ош облусу – 2;
Баткен облусу – 1;
Жалал-Абад
облусу – 2.

Бул маалыматты саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымдады.

Бүгүнкү аныкталгандардын үч учуру сырттан келгендерден, 29 учуру үй карантинине алынгандардан, 6 учурда жугузуп алуу шарты аныкталган жок.

Ошону менен, аталган вирус аныкталгандардын жалпы саны 1974кө жетти.

Коронавирустан 20 киши айыкты. Бардыгы болуп 1360 киши ооруканадан айыгып чыкты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты