Виртуалдык активдер чөйрөсүн жөнгө салуу жана лицензиялоо боюнча жаңы мамлекеттик орган аныкталат

  • 1 месяц мурун

Жакында виртуалдык активдер чөйрөсүн жөнгө салуу жана лицензиялоо боюнча жаңы мамлекеттик орган аныкталат.

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров кечээ, 18-апрелде, TRON блокчейн-платформасынын негиздөөчүсү Жастин Санды кабыл алуу учурунда билдирди.

Мамлекет башчы TRON платформасынын негиздөөчүсүнүн криптоиндустриядагы маанилүү ролун жана борбордон ажыратылган финансы тармагына кошкон жеке салымын белгиледи.

Президент өткөн жылы виртуалдык активдер жана блокчейн технологияларын өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш түзүлгөнүнө токтолду.

“Бир жылга жетпеген убакыт ичинде Улуттук кеңеш жана анын катчылыгы эбегейсиз секирик жасашты. Биз жогорку мамлекеттик деңгээлде бир нече жыйын өткөрдүк, анда рынок талап кылган: улуттук стейблкоинди ишке киргизүү, борбордук банктын санариптик валютасын (CBDC) сыноо жана пилоттук режимдерди киргизүү чечимдери кабыл алынды” деди мамлекет башчы.

Бул контекстте ал ачык мамлекеттик саясат өлкөгө ири технологиялык компанияларды жана дүйнөлүк эксперттерди тартууга шарт түзгөнүн белгилеп, TRON негиздөөчүсүнүн сапары мунун ачык далили экенин айтты.

“Азыр өлкөдө виртуалдык активдер рыногу активдүү өнүгүүдө, лицензияланган катышуучулардын саны өсүүдө, укуктук база бекемделүүдө жана инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда” деп белгиледи Жапаров.

Мамлекет башчы жыл башында “Виртуалдык активдер жөнүндө” мыйзамга маанилүү өзгөртүүлөр киргизилгенин айтты. Мындан тышкары, жакында виртуалдык активдер чөйрөсүн жөнгө салуу жана лицензиялоо боюнча жаңы мамлекеттик орган аныкталат.

“Биздин коом санариптик мүмкүнчүлүктөрдү активдүү колдонууда. Chainalysis глобалдык индекси боюнча Кыргызстан криптовалютаны кабыл алуу деңгээли боюнча дүйнөдө 19-орунда турат жана Борбор Азияда ишенимдүү лидерлик кылат. Бул мамлекетке ачык жана ишенимдүү инфраструктура түзүү жоопкерчилигин жүктөйт” деди президент.

Өз кезегинде, Жастин Сан Кыргызстанда виртуалдык активдер рыногун өнүктүрүүдө чоң потенциалды көрөрүн белгиледи.

TRON блокчейн-платформасынын негиздөөчүсү кеңири презентация жасап, анда алдынкы эл аралык криптовалюталык биржалардын бири болгон HTXтин иштөө принциптерин жана негизги көрсөткүчтөрүн, ошондой эле TRON платформасынын өзүнүн экосистемасын тааныштырды.

Ал ошондой эле Кыргызстанда виртуалдык активдер чөйрөсүндө ишмердүүлүк жүргүзүүгө лицензия алуу пландары жана калктын санариптик сабаттуулугун жогорулатууга, блокчейн технологияларын жана жасалма интеллектти киргизүүгө багытталган программаларды илгерилетүүгө көмөктөшүү ниети жөнүндө айтып берди.

Жастин Сан Кыргызстандын топтогон тажрыйбасы коңшу өлкөлөр үчүн өтө пайдалуу болорун белгилеп, Кыргызстан TRON келечекте өзүнүн операциялык тармагын жайылтып, бүткүл Борбор Азияга кызмат көрсөтүүлөрүн кеңейте ала турган ишенимдүү стратегиялык өнөктөш болоруна ишенимин билдирди.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты