Бишкек шаарында «Бала ырысы» жөлөк пулуна документтер кабыл алынууда
- 1 месяц мурун
1-июлдан тартып Бишкек шаарынын төрт райондук Социалдык өнүктүрүү башкармалыгында ай сайын төлөнүүчү мамлекеттик «Бала ырысы» жөлөк пулун дайындоо үчүн документтерди кабыл алуу башталды.
Социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын адистери жарандардын документтерин кабыл алып, жөлөк пулду дайындоо боюнча консультацияларды беришет, анын тартибин, талап кылынуучу документтердин тизмесин жана арыз берүүнүн жолдорун түшүндүрүшөт.
«Бала ырысы» жөлөк пулу үч жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөргө кирешесинин деңгээлине карабастан дайындалат. Жөлөк пулдун өлчөмү ар бир балага ай сайын 1 200 сомду түзөт.
Арызды мамлекеттик кызматтардын «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу же жашаган жери боюнча райондук Социалдык өнүктүрүү башкармалыгына жеке кайрылуу менен берүүгө болот.
«Бала ырысы» мамлекеттик жөлөк пулун дайындоо боюнча бардык суроолор менен шаар тургундары райондук Социалдык өнүктүрүү башкармалыктарына кайрылып, консультация ала алышат.
Шаар тургундары жөлөкпул алуу үчүн төмөнкү жолдордун бири аркылуу кайрыла алышат:
-“Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу;
— райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарга жеке кайрылуу аркылуу.
Жөлөкпул алуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:
-ата-эненин (мыйзамдуу өкүлдүн) паспорту;
-баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;
-мамлекеттик банкта ачылган банктык эсептин реквизиттери;
-арыз ээсинин жашаган жери тууралуу маалымат.
Бишкек шаарынын райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын байланыш маалыматтары:
Биринчи Май району – Жибек-Жолу проспектиси, 495Б. Тел.: (0312) 67-03-64;
Ленин району – Литвинов көчөсү, 2. Тел.: (0312) 65-37-21;
Октябрь району – Байтик Баатыр көчөсү, 17. Тел.: (0312) 57-02-95;
Свердлов району – Чүй проспектиси, 28. Тел.: (0312) 36-03-26.
8-марттын алдында президент Садыр Жапаров үч жашка чейинки бардык балдарга бериле турган “Бала ырысы” деп аталган жаңы ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулду киргизүү тууралуу жарлыкка кол койду.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда үч жашка чейинки болжол менен 445 миңдей бала жашайт.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




