Өлкөдө биринчи класска 56 миңден ашык бала электрондук каттоодон өттү  

  • 3 недели мурун

Өлкө боюнча автоматташтырылган “Мектеп” маалыматтык системасы аркылуу 1-класска 56 миңден ашуун бала катталды.

Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Министрлик балдарды мектепке электрондук каттоонун биринчи этабы уланып жатканын эскертти.

Бул этапта ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлүнүн тиешелүү мектептин микроучастогунда туруктуу каттоосу бар балдар кабыл алынууда.

Катталган балдардын аймактар боюнча бөлүштүрүлүшү:

Бишкек шаары —8959;

Ош облусу —11 898;

Жалал-Абад облусу —10 581;

Чүй облусу —6619;

Баткен облусу —6384;

Ысык-Көл облусу —4699;

Нарын облусу —2699;

Ош шаары —2171;

Талас облусу — 2532.

Быйыл республика боюнча 190 миңден ашуун квота каралган.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты