Коронавирус жуктуруп алган медициналык кызматкерлердин саны 389га жетти
- 4 года мурун
6-июндагы маалымат боюнча өлкөдө бир сутка ичинде 1 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.
Кайсы жерлерде экенин айтсак, Ош шаарында – 7, Бишкек шаарында – 2, Чүй облусунда – 1, Нарын облусунда – 1.
Ал эми стационардан сутка ичинде 1 медкызматкер айыгып чыгарылды.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 389 учур катталды, алардын ичинен 273 медкызматкер стационардан айыгып чыккан.
Кыргызстанда 6-июнга карата бир суткада COVID-19 вирусуна чалдыккан 38 учур катталып, жалпы саны 1974кө жетти.
Муну бөлүшүү