Кыргыз-өзбек чек арасындагы чырдан улам 4 киши ооруканага жаткырылды
- 4 года мурун
Кыргыз-өзбек чек арасындагы чырдан улам Айдаркен шаарындагы дарылоо борборуна медициналык жардам сурап 15 киши кайрылды.
Кайрылгандардын арасынан төртөө ооруканага жаткырылды, экөөнүн абалы — оор экени айтылды.
Бул тууралуу КР саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Калган жарандарга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп үйүнө жиберилди.
Бүгүн, 31-майда Баткен облусунун Кадамжай районунун Чечме айылынын тургундары менен Сох анклавынын Чашма айылынын (Өзбекстан) тургундары ортосунда чыр чыкты.
Сүрөт: Социалдык тармактардан.
Муну бөлүшүү