Кыргыз-өзбек чек арасында тургундар ортосунда чыр чыкты

Баткен облусунун Кадамжай районунун Чечме айылынын тургундары менен Сох анклавынын Чашма айылынын (Өзбекстан) тургундары ортосунда чыр чыкты.

Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Социалдык тармактарда ал чырдын видеосу жарыяланды.

Эки мамлекеттин айылдарынын тургундары бүгүн, 31-майда, болжол менен саат 12:30 да булак талашып, бири-бирине таш ыргытышкан.

Бул чырдан улам Кадамжай районунун акими менен Сох районунун (Өзбекстан) акими жолугушууда.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты