8-июндан баштап ички аба каттамдарынын иши жанданат
- 5 лет мурун
Кыргызстанда 8-июндан баштап ички аба каттамдарынын иши жанданат.
Бишкек-Ош каттамы боюнча күнүнө бир жолу учууга уруксат берилет.
Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов ыкчам штаб жыйынында билдирди.
Анын айтымында, көрсөтүлгөн иштин түрлөрүн санитардык-эпидемиологиялык талаптарды катуу сактоо менен жаңылоо керек.
Коронавирус пандемиясына байланыштуу 25-марттан баштап Кыргызстанда ички авиакаттам убактылуу токтотулган.
Муну бөлүшүү