​Ички аба каттамы токтотулат

  • 4 года мурун

25-марттан баштап Кыргызстанда ички авиакаттам убактылуу токтотулат.

Мындай чечим өлкөдөгү коронавирус боюнча кырдаалга жана республиканын кээ бир район жана шаарларында киргизилген өзгөчө абал жөнүндө президенттин жарлыгына ылайык кабыл алынды.

Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов белгилегендей, өлкө ичинде республикалык штабдын макулдугу менен атайын авиа каттамдар гана уча алышат.

Бул тууралуу коронавирустун алдын алуу жана жайылуусуна каршы күрөшүү штабынан билдиришти.

Ички каттамдар Бишкектен Ош, Баткен жана Жалал-Абад шаарларына жана кайра аталган шаарлардан жүргүзүлчү.

Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы 26 адам катталды, ошону менен жалпысынан 24-мартка карата бул илдетке чалдыккандардын саны өлкөдө 42ге жетти.

Бүгүн, 24-мартта, Президенттин жарлыгы менен Бишкек жана Ош шаарларында, Ноокат, Кара Суу райондорунда, Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда өзгөчө абал киргизилди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты