Нарында убактылуу координатор жана баш дарыгер дайындалды

Нарын облусу боюнча координатор Муратбек Алияскаровго сөгүш жарыяланып, андан саламаттык сактоо министрлигинин облустун координаторунун милдетин аткаруу алынды. Облустук бириктирилген оорукананын директору Айбек Койчуманов кызматтан бошотулду.

Республикалык ыкчам штаб бул тууралуу сунуш берип, саламаттык сактоо министрлиги буйрук чыгарды.

Бул тууралуу коронавирустун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү республикалык штабы маалымдады.

Нарын облустук бириктирилген оорукананын директорунун милдетин аткаруучусу болуп улуттук госпиталдын клиникалык-диагностикалык иштер боюнча башкы дарыгеринин орун басары Б.Төлөгөнов убактылуу дайындалды.

Ал эми эпидемияга каршы иш-чараларды уюштурууну, көзөмөлдөөнү күчөтүү жана облустагы коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча дарылоочу-алдын алуучу уюмдардын ишмердүүлүгүн координациялоо үчүн коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматовага 2020-жылдын 28-майынан тартып атайын буйрук чыкканга чейин саламаттык сактоо боюнча облустун координаторунун милдетин аткаруу жүктөлдү.

Коронавируска каршы жетишсиз күрөшү үчүн Нарын облус жетекчилигине сөгүш жарыяландыгы буга чейин маалым болгон.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкуловго, анын биринчи орун басары Касен Асизовго коронавируска каршы күрөшүү боюнча ишти жетишсиз үргүзгөндүгү үчүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев сөгүш жарыялаган.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басарын кызматтан бошотуу жагы каралууда.

Республикалык штаб саламаттык сактоо министрлигине Нарын облустук ооруканасынын директору Айбек Койчумановду, анын орун басары Анара Калманбетованы, облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун директору, саламаттык сактоо министрлигинин Нарын облусундагы координатору Муратбек Алияскаровду кызматтан бошотуу сунушун берген.

Кыргызстанда 28-майга карата бир суткада 74 киши коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталды. Анын ичинен Нарын облусунда бир суткада вирус жуктурган 13 учур катталган. Республика боюнча COVID-19га кабылшан 1594 учур катталса, анын 312си Нарын облусуна туура келет.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты