Кыргызстан-Кытай: Энергетика тармак жетекчилери эки өлкөнүн энергетика системаларын бириктирүү маселесин талкуулады
- 1 час мурун
- Жаңылыктар
26-ноябрда Кытайдын Циндао шаарында Кыргыз Республикасынын энергетика министри Алтынбек Рысбековдун жана Кытайдын энергетика боюнча мамлекеттик башкармалыгынын жетекчиси Ван Хунчжинин тең төрагалыгы алдында электр энергетикасы боюнча кыргыз-кытай жумушчу тобунун «өкмөт — ишканалар» форматындагы биринчи жыйыны болуп өттү.
Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
Жыйындын алкагында 2026-жылдын 23-сентябрында кол коюлган электр энергетикасы тармагында кызматташуу жөнүндө ведомстволор аралык макулдашуу нускаларын алмашуу боюнча расмий азем өткөрүлдү.
Алтынбек Рысбеков өз сөзүндө 2026-жылдын август айында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында эки өлкөнүн лидерлеринин ортосунда жетишилген макулдашууларды иш жүзүндө жүзөгө ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Маалыматта айтылгандай, тараптар эки өлкөнүн энергетикалык системаларын бириктирүү, Кытайдан Кыргызстанга электр энергиясын импорттоо үчүн трансчек аралык электр берүү линиясын куруу жана чек ара аймагындагы индустриалдык паркты электр энергиясы менен камсыздоо маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.
Министр Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан тиешелүү энергетикалык инфраструктураны курууну каржылоо маселелерин иштеп чыгуу дээрлик аяктаганын маалымдап, объектти 2027-жылдын декабрь айында өнөр жайлык пайдаланууга берүү каралган долбоорду этап-этабы менен ишке ашыруунун графигин сунуштады.
Жыйындын жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн электр энергетикасы тармагынын өнүгүшү боюнча маалымат алмашып, долбоорду ишке ашыруунун техникалык жана уюштуруучулук маселелерин, ошондой эле мындан аркы кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулады.
Сүрөт: Энергетика министрлиги




