COVID-19: Нарын облус жетекчилигине сөгүш жарыяланды

Коронавируска каршы жетишсиз күрөшү үчүн Нарын облус жетекчилигине сөгүш жарыяланды

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкуловго, анын биринчи орун басары Касен Асизовго коронавируска каршы күрөшүү боюнча ишти жетишсиз деңгээлде жүргүзгөндүгү үчүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев сөгүш жарыялады.

Ошондой эле Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басарын кызматтан бошотуу жагы каралууда.

Республикалык штаб саламаттык сактоо министрлигине Нарын облустук ооруканасынын директору Айбек Койчумановду, анын орун басары Анара Калманбетованы, облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун директору, саламаттык сактоо министрлигинин Нарын облусундагы координатору Муратбек Алияскаровду кызматтан бошотуу сунушун берди.

«Нарын облусунда коронавирус инфекциясына кабылгандардын саны Ош жана Жалал-Абад облусуна салыштырмалуу жогору. Эгерде облустун жетекчилиги тийиштүү бүтүм чыгарбаса жана абалды жакшыртпаса, анда тиешелүү чечим кабыл алынат. Эпидемиологиялык абалды оңдоо үчүн облустун бардык мүмкүнчүлүгү бар болчу. Облустук төрөт үйүндө кырдаалды жакшырткан жоксуңар.Көз жарган аялдар ооруканадан чыгып кетүүгө аракет кылган учурларга жол берилди. Облус жетекчилиги толук киришпей, абалга тийиштүү көңүл бурбай койгон” деп баса белгиледи биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов республикалык штабдын жыйынында.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов аймакта коронавирустун жайылышынын алдын алууда кемчиликтер кеткенин, айрым, анын ичинде кадрдык жана башкаруучулук маселелерди чечүүдөгү иштин жетишсиздигин мойнуна алды.

Бүгүн, 27-майда, парламенттин жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев Нарын облусундагы абал боюнча суроого жооп берип, мындай деген:

“Нарын шаарында коронавирус облустук ооруканада, төрөт үйүндө тарап, ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринен көп аныкталды. Нарын облусунун Ат-Башы районуна, Нарын шаарына коронавирус жаңы аныкталган учурда эле коргонуучу каражаттар жетиштүү берилген. Ошого карабай оорунун жайылып кетүүсү боюнча учурда тийиштүү иликтөө жүрүп жатат. Өз убагында чара көрбөгөн жетекчилер жооп беришет” .

27-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган 52 учур катталды. Анын ичинен 17 учур — Нарын облусунда. Ал эми өлкө боюнча коронавируска чалдыккандардын жалпы саным 1520 болсо, анын ичинен 297си Нарын облусунда катталды.

Нарын шаарында — 175;

Ак-Талаада — 19;

Нарын районунда — 1;

Ат-Башы районунда — 77;

Кочкор районунда — 11;

Жумгал районунда -14 учур катталган.

Сүрөт: Штабдын жыйынында. gov.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты