​1-июндан тартып кайсы ишмердикке чектөөлөр калат? (Тизме)

1-июндан тартып санитардык-эпидемиологиялык шартты бекем сактоо менен экономикалык жана социалдык чөйрөлөрдөгү иштин бардык түрлөрүн жандандыруунун максатка ылайыктуулугу байкалууда.

Бул тууралуу коронавирустун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү республикалык штабы маалымдады.

Ошол эле учурда, экономикалык иш-аракеттердин төмөнкү түрлөрү боюнча айрым чектөөлөрдү калтыруу сунушталууда.

Чектөөлөр төмөнкүлөр:

-Маданий, спорттук, илимий, үй-бүлөлүк, эскерүү иш-чараларын өткөрүү;

— көңүл ачуучу жайлардын ишмердүүлүгү;

— балдар оюн-зоок жайларынын, оюн аянтчаларынын ишмердүүлүгү;

— интернет-клубдардын, ошондой эле компьютердик оюн жайларынын ишмердүүлүгү;

— мектепке чейинки билим берүү жаатындагы уюмдардын ишмердүүлүгү.

21-майдан жана 25-майдан тартып бир катар ишкана, мекемелерге иштөөгө уруксат берилет.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты