​25-майдан тартып кайсы мекеме-ишканалар иштейт? (Тизме)

25-майдан тартып бир катар ишкана-мекемелер ишин жандандырат.

Алар төмөнкүлөр:

-Кийим-кече сатуучу базарлар;

-50 орундан ашпаган коомдук тамактануу түйүндөрү, жайкы кафелер жана ресторандар (коноктор менен үстөлдөрдүн ортосундагы 1,5-2 м аралыкты так сактоо менен), соода-оюн-зоок борборлорунда жайгашкан фуд-кортторду кошпогондо;*

-Театр, музей, көргөзмө залдарынын жана галерея, китепкана жана маданий-агартуучу жай;

-Коомдук транспорт: автобустар, троллейбустар жана кичи автобустар.

Бул тууралуу коронавирустун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү республикалык штабы билдирди.

21-майдан тартып бир катар ишкана, мекемелерге иштөөгө уруксат берилет.

11-майда “Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө” жана “Жарандык коргонуу жөнүндө” КР мыйзамдарына өзгөртүүлөр күчүнө кирген.

Инфекциялык оорулардын пайда болуу жана жайылуу коркунучу келип чыккан учурда убактылуу чектөө иш-чаралары (карантин) киргизилген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты