21-майдан баштап кайсы мекеме-уюмдар иштейт? (Тизме)
- 5 лет мурун
- Баяндар
21-майдан тартып бир катар ишкана, мекемелерге иштөөгө уруксат берилет.
Алар төмөнкүлөр:
-Калкты тейлөө борборлору, паспорттоштуруу жана жарандык актыларды каттоо бөлүмдөрү, “Унаа” мамлекеттик мекемеси;
-Калкты тиричиликтик жактан тейлөө борборлору: бут кийим, саат оӊдоо, эмерек чогултуу жана оӊдоо;
-Соода-сатык чөйрөсү:
-Соода борборлору ( соода-оюн-зоок борборлорунда жайгашкан балдар оюн-зоок жайларынын, оюн аянтчаларынын, коомдук тамактануу (фуд-корт) түйүндөрүнүн ишин кошпогондо;
азык-түлүк эмес товарларды сатуу дүкөндөр жана пункттар (мурунку баскычтарга кирбеген түрлөр);
-автоунаа базарлары;
-мал базарлары.
-Менчик (жеке) репетиторлордун кызмат көрсөтүүлөрү;
-Менчик үй-бүлөлүк мончолордун жана СПА-борборлордун кызмат көрсөтүүлөрү (коомдук мончо жана сауналарды кошпогондо)
-Мейманкана ишмердүүлүгү, бассейн жана спорт залдарды кошпогондо.
Бул тууралуу коронавирустун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү республикалык штабы билдирди.
11-майдан тартып республика боюнча өзгөчө кырдаал режими күчүндө калды.
Буга чейин 11-майдан баштап бир катар ишкана-мекемелерге иштөөгө уруксат берилип, өкмөт алардын тизмесин берген. Ал тизме жаңыланган.
11-майда “Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө” жана “Жарандык коргонуу жөнүндө” КР мыйзамдарына өзгөртүүлөр күчүнө кирген.
Инфекциялык оорулардын пайда болуу жана жайылуу коркунучу келип чыккан учурда убактылуу чектөө иш-чаралары (карантин) киргизилген,