​Коменданттык саат жоюлат. Бишкек, Ошто, Ат-Башы районунда жана Чаткалдын Каныш-Кыя айылында карантин киргизилет

  • 4 года мурун

Коменданттык саат жоюлат. Бишкек, Ошто, Ат-Башы районунда жана Чаткалдын Каныш-Кыя айылында карантин киргизилет

Өзгөчө кырдаал күчүндө калат.

Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

Айрым аймактарга киргизилген өзгөчө абал режими 10-май 24.00до аяктайт, коменданттык саат жокко чыгаралат. Ал эми 22-мартта кабыл алынган өзгөчө кырдаал режими улана берет.

  • Санитардык-карантик посттор эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин иштей берет.
  • Бир облустан экинчисине өтүү боюнча киргизилген чектөө күчүндө калат, көзөмөл күчөтүлөт.
  • Ошол эле учурда Бишкек жана Ош шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда жана Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында эпидемиологиялык кырдаалдын оордугуна байланыштуу карантин киргизилет.

Президент 28-апрелде кол койгон жарлыкка ылайык, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларынын жана Нарын облусунун Ат-Башы районунун аймактарында өзгөчө абал 2020-жылдын 10-май күнүн кошуп эсептеген мезгилге чейин өзгөчө абал режимин узарткан.

Кыргызстанда 22-марттан тартып бир айлык мөөнөткө өзгөчө кырдаал киргизилген.

Сүрөт: Бишкек комендатурасы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты