11-майдан баштап бир катар ишкана-мекемелерге иштөөгө уруксат берилет (Тизме)
- 4 years мурун
- Баяндар
11-майдан тартып бир катар ишкана-мекемелерге иштөөгө уруксат берилет.
Карантиндик режимде төмөнкү багыттагы экономикалык ишмердүүлүккө уруксат берилет:
Финансылык жана башка кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө:
- микрофинансылык уюмдар;
• камсыздандыруу компаниялары;
• ломбард;
• акча алмаштыруу пункттары;
• кыймылсыз мүлк боюнча агенттиктер;
• туристтик агенттиктер;
• адвокаттык кызматтар;
• басма кызматтары.
Калкты тейлөө кызматтарына:
• сантехникалык, электромонтаждык жана жыгач устачылык иштер;
• тиричилик техникаларын, машиналарды, аппараттарды жана шаймандарды оңдоочулар;
• химтазалоо.
Соода чөйрөсүнө:
• курулуш материалдарынын дүкөндөрү жана базарлары;
• автотетик, велотетик, комплекттөөчү тетиктер, май жана автомобиль сырларын сатуу базарлары;
• тигүү жана булгаары иштетүү тармактары үчүн кездемелерди, фурнитураларды жана башка буюмдарды сатуу базарлары;
• автосалондор – авторыноктордон сырткары.
Массалык маалымат каражаттарына.
Бул тууралуу коронавирустун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын жыйынында Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.
11-майдан баштап коменданттык саат жоюлат. Бишкек, Ошто, Ат-Башы районунда жана Чаткалдын Каныш-Кыя айылында карантин киргизилет. Өзгөчө кырдаал күчүндө калат.
Сүрөт: gov.kg