Коменданттык саат жоюлат. Бишкек, Ошто, Ат-Башы районунда жана Чаткалдын Каныш-Кыя айылында карантин киргизилет
- 4 years мурун
Коменданттык саат жоюлат. Бишкек, Ошто, Ат-Башы районунда жана Чаткалдын Каныш-Кыя айылында карантин киргизилет
Өзгөчө кырдаал күчүндө калат.
Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.
Айрым аймактарга киргизилген өзгөчө абал режими 10-май 24.00до аяктайт, коменданттык саат жокко чыгаралат. Ал эми 22-мартта кабыл алынган өзгөчө кырдаал режими улана берет.
- Санитардык-карантик посттор эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин иштей берет.
- Бир облустан экинчисине өтүү боюнча киргизилген чектөө күчүндө калат, көзөмөл күчөтүлөт.
- Ошол эле учурда Бишкек жана Ош шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда жана Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында эпидемиологиялык кырдаалдын оордугуна байланыштуу карантин киргизилет.
Президент 28-апрелде кол койгон жарлыкка ылайык, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларынын жана Нарын облусунун Ат-Башы районунун аймактарында өзгөчө абал 2020-жылдын 10-май күнүн кошуп эсептеген мезгилге чейин өзгөчө абал режимин узарткан.
Кыргызстанда 22-марттан тартып бир айлык мөөнөткө өзгөчө кырдаал киргизилген.
Сүрөт: Бишкек комендатурасы.