​Кыргыз өкмөтү чет өлкөлүктөргө «жашыл коридор» мөөнөтүн узартты

  • 4 года мурун

Кыргыз өкмөтү республика аймагындагы чет өлкөлүктөргө берилген «жашыл коридордун» мөөнөтүн узартты.

Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти кабарлагандай, мындай чечимдин кабыл алынышына мекеменин сунушу негиз болду:

«Кыргызстандын аймагында виза же визасыз тартипте жүргөн чет өлкөлүктөр жана жарандыгы жоктор өлкө аймагынан чыгууга виза толтурбастан жана катталганын тастыктабастан 1-июнга чейинки мөөнөт аралыгында чыгып кете алат».

Кыргызстанда коронавируска байланыштуу киргизилген чектөөлөр алгач 30-апрелге чейин деп, кийин 10-майга чейин узартылган. Өкмөт уюштурган атайын чартердик рейстерден тышкары бардык авиакаттамдар токтотулган. Чет өлкөлүктөргө «жашыл коридор» алгач 1-майга чейин берилген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты